ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Нариман айылында жайгашкан эски бузулуп кеткен мектептин жеринен муниципалдык базарга мөөнөтсүз пайдалануу үчүн бекитилип берилген Идент.код: 5-04-11-1005-1243 коду ыйгарылган жалпы аянты 939.30 кв.м болгон жер аянтын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын 12-статьясына таянып ижарага берүү жөнүндө Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Нариман айыл аймагындагы Нариман айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги базарга жалпы аянты 939.30 кв.м болгон жер аянты ижарага ажыратылып берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагынын Нариман Таза-Суу муниципалдык ишканасынын берген маалыматтарынын негизинде кеңири ой пикир, талкуулар жүргүзүлүп Нариман Таза-Суу ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жана сууга болгон тарифин 35 сомго көтөрүү боюнча Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Нариман айыл Таза-Суу ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы тиркемеге ылайык бекитилсин жана сууга болгон тариф 35 сомго көтөрүлсүн.
- Жергиликтүү бюджетке тийиштүү өзгөртүү киргизүү жана убагында каржылоо Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде ФЭБ башчынын сунуш катынын негизинде бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Нариман айылынын тургуну И.Махамаджанованын Нариман айылында жеке муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын негизинде, балдар бакчасын ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Нариман айылындагы Нариман көчөсүндөгү эски РайПО нун имаратына жеке муниципалдык бала бакча ачууга уруксат берилсин.
- Нариман айыл аймагынын Нариман айылына ачыла турган муниципалдык бала-бакчасына штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Каратай айылындагы Жайыт комитетине караштуу №314- контруна “Альфа -Телеком” (MEGA) ЖАК компаниясына телефон чагылдыргыч антенасын курууга жер бөлүп берүү максатында Нариман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы № 522 сандуу билдирүүсүнүн негизинде Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин Каратай айылындагы №314 контруна “Альфа -Телеком” (MEGA) ЖАК компаниясына телефон чагылдыргыч антенасын курууга 20 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып, мөөнөттүү келишимдин негизинде чечилип берилсин.
- Жогорудагы аты аталган жерге тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүп берүү жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылындагы №103 “Кызыл- Мээнет” орто мектебинин мектеп директору Ф.Каримбердиеванын башталгыч класстар үчүн орус тайпа ачуу жөнүндөгү жазган арызынын негизинде №103 “Кызыл-Мээнет” орто мектебине орус тайпа ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылындагы №103 “Кызыл- Мээнет” орто мектебине башталгыч класстар үчүн орус тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылынын №103 “Кызыл-Мээнет” орто мектебине штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Найс бэби” балдар бакчасынын жеткечиси Самиева Умиданын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө Нариман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “Найс бэби” балдар бакчасынына кошумча эки тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Найс бэби” балдар бакчасына кошумча эки тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл өкмөтүндө каржылоо үчүн чыгашалардын айрым статьялары боюнча акча каражаттары жетишсиз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 109-статьясынын негизинде, ошондой эле салык агенттери төлөөчү киреше салыгы такталган пландан 3500,0 сом ашыкча түшкөн. Пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен максаттуу пайдалануу боюнча Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 70629 бөлүгүнүн 3111 статьясынан 2199,4 сомго көбөйтүлсүн;
70911 бөлүгүнүн 3111 статьясына 200,0 сомго көбөйтүлсүн;
70921 бөлүгүнүн 2232 статьясына 0,6 сомго көбөйтүлсүн;
70921 бөлүгүнүн 2215 статьясына 800,0 сомго көбөйтүлсүн;
71092 бөлүгүнүн 2721 статьясына 300,0 сомго көбөйтүлсүн;
2. Жергиликтүү бюджетке тийиштүү өзгөртүү киргизүү жана убагында каржылоо Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Жаңы-маала айылында жайгашкан азыркы күндө Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Идент коду 5-04-11-1005-0594 болгон 2000,0 чарчы метр болгон муниципалдык менчиктеги жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан башка багытта мамлекеттик актысы берилген. Нариман айыл аймагында социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында андан сырткары Жаңы-маала айылынын элинен келип түшкөн арызын канааттандыруу максатында 2000,0 чарчы метр болгон “Айыл чарба багытындагы жараксыз” жерлер категориясында болгон муниципалдык менчиктеги жер аянтын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын 7-12-13 статьяларына жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 Жобосуна ылайык ижарага берүү жөнүндө Нариман айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Нариман айыл аймагындагы Жаңы-маала айылында жайгашкан Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган идент коду: 5-04-11-1005-0594 болгон 2000,0 чарчы метр жер аянты убактылуу ижарага берилсин.
- Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Хамитжан-Ата” балдар бакчасынын жеткечиси Гапирова Дилфузанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча бир кичик тайпа ачуу жөнүндө Нариман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “Хамитжан-Ата” балдар бакчасынына кошумча бир кичик тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Хамитжан-Ата” балдар бакчасына кошумча бир кичик тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Нариман айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы муниципалдык “Ак-Кеме Нуру” балдар бакчасынын жеткечиси Ахмадалиева Саёранын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө Нариман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы муниципалдык “Ак-Кеме Нуру” балдар бакчасынына кошумча бир орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Нариман айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы муниципалдык “Ак-Кеме Нуру” балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.