“Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
29.11.2023-жыл
№20/1
Нурдар айылы
“Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Нариман айыл өкмөтүндө, каржылоо үчүн чыгашалардын айрым статьялары боюнча каражаттары жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин ” 109-статьясынын негизинде, ошондой эле салык агенттери төлөөчү киреше салыгы такталган пландан 2000,0 сом ашыкча түшкөн. Пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын жергиликтүү бюджетке, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен максаттуу пайдалануу боюнча Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   70629 бөлүгүнүн 2222 статьясынан               900,0 сомго көбөйтүлсүн;

      70629 бөлүгүнүн 3111 бөлүгүнүн                  1100,0 сомго көбөйтүлсүн;

      70111 бөлүгүнүн 2215 статьясына                 100,0 сомго азайтылсын;

      70111 бөлүгүнүн 2222 статьясына                 100,0 сомго көбөйтүлсүн;

      70911 бөлөгүнүн 2221 статьясына                 100,0 сомго азайтылсын;

      70911 бөлүгүнүн 3111 статьясына                 828,5 азайтылсын;

      70911 бөлүгүнүн 3112 статьясына                 350,0 сомго азайтылсын;

      70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына                 1278,5 сомго көбөйтүлсүн;

 

2.  Жершгиликтүү бюджетке тийиштүү өзгөртүү киргизүү жана убагында каржылоо Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жөктүлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында, турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер аянтын коммерциялык ишкердик багытына которуу жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
29.11.2023-жыл
№20/2
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында, турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер аянтын коммерциялык ишкердик багытына которуу жөнүндө”

Нариман айыл аймагынын Жийделик айылынын тургуну Аманбаева Саттиханга турук жай куруу үчүн бөлүнүп берилген идентификациялык коду 5-04-11-1006-1124 жер участогунун максаттуу багытын Кара-Суу райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитектуралык-техникалык корутундусуна таянып жана Аманбаева Саттихандын жазган арызын карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында жайгашкан жеке турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген идентификациялык коду  5-04-11-1006-1124 болгон жер участогу, Кара-Суу райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитектуралык-техникалык корутундусунун негизинде, максатуу багыты коммерциялык ишкердик багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Нариман айыл аймагынын Беш-Мойнок айылындагы идентификациялык номери 5-04-11-1003-0405,  306, 0 чарчы метр болгон жердин башкы планына өзгөртүү киргизүү жүнөндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
14.12.2023-жыл
№21/1
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Беш-Мойнок айылындагы идентификациялык номери 5-04-11-1003-0405, 306, 0 чарчы метр болгон жердин башкы планына өзгөртүү киргизүү жүнөндө”

Нариман айыл өкмөтүнүн 04.12.2023-жылдагы Беш-мойнок айылына мечит куруу жөнүндөгү № 961 каты жана Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 04.12.2023-жылдагы № 01-25/1247 негизинде башкы планга өзгөртүү киргизүү боюнча Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн 04.12.2023-жылдагы Беш-мойнок айылына мечит куруу жөнүндөгү  № 961 каты жана Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 04.12.2023-жылдагы № 01-25/1247 негизинде башкы планга өзгөртүү киргизилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү салыктардын ставкаларын төлөө мөөнүтүн жана берилүүчү жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
14.12.2023-жыл
№21/2
Нурдар айылы
“Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү салыктардын ставкаларын төлөө мөөнүтүн жана берилүүчү жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында киргизилген жергиликтүү салыктын түрлөрүнүн ставкаларын жана зоналык коэффициенттерин карап Нариман айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкулап Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2023-жылда жыйналуучу  жергиликтүү салыктардын ставкалары жана зоналык коэффициенттери №1 тиркемеге ылайык колдонулсун.
  2. Жергиликтүү салыктарды төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 322, 332, 342, 352, 355, 385 статьяларынын негизинде бекитилсин.
  3. Жергиликтүү салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 330, 343- статьяларынын негизинде бекитилсин. Тамарка салыгы (зем.налог физич.лиц) боюнча  2002-жылы Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармасынын системалык каттоо боюнча ар бир атуулдун тамаркасы өлчөнгөн убакытта биринчи берилген документтерден өтө чоң айырма чыккандыгына байланыштуу  салык кодексинин 344-статьясында көрсөтүлгөн жеёилдиктер ушул эле статьянын 2-пунктуна ылайык чөл (Нариман, Зарбдар, Тажик- Абад. Кызыл-мээнет, Алим-Төбө, Нурдар, ВЛКСМ, Жаңы-маала, Жим, Жийделик) зонасындагы атуулдар үчүн 0,10 га жер аянты үчүн, Адыр (Осмон, Беш-Мойнок, Каратай, Лангар, Курөн-кол) зоналары учун 0,15 га жер аянты учун  гана жеңилдик берилсин.
  4. Айыл аймагында жайгашкан коммерциялык багыттагы имаараттардын зоналык 1,0 өлчөмүндөгү коэфиценти 1,1 коэфициент өлчөмүнө өзгөртүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш,иштери  боюнча   туруктуу комиссиясына жана Нариман айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы У.Уринбаевке. салык инспекторуна жана айыл башчыларга тапшырылсын.  

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Нариман айылдык Кенешинин 14.12.2023-жылдагы жылдагы

№21/2  токтомуна №1 тиркеме

 

Нариман айыл аймагында жыйналуучу жергиликтүү  салыктык ставкалары жана зоналык коэффициенттери

 

Салыктардын түрү

Айылдар

Салыктын суммасы

1,0 га/сом

Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициенти

Мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициенти
 

1.

Сугат айдоо үчүн жер салыгы

Нариман

527

1,2

1,1

Зарбдар

527

1,2

1,1

Тажик-Абад

527

1,2

1,1

Кызыл-мээнет

527

1,1

1,1

Алим-төбө

527

1,1

1,1

Нурдар

527

1,2

1,1

ВЛКСМ

527

1,2

1,1

Жаңы-маала

527

1,2

1,1

Жим

527

1,2

1,1

Жийдалик

527

1,2

1,1

Осмон-1

410

0,5

1,1

Осмон-2

300

0,5

1,1

Беш-мойнок

410

0,5

1,1

Каратай-1

279

0,9

1,1

Каратай-2

242

0,9

1,1

Лангар

-

0,9

1,1

Күрөң-кол

-

0,9

1,1

2.

Кайрак айдоо жер салыгы

Айыл өкмөтү боюнча

38

-

-

3.

Чөп-чабынды

Айыл өкмөтү боюнча

27,9

-

-

4.

Жайыт жер салыгы

Айыл өкмөтү боюнча

13,0

-

-

5.

Тамарка салыгы

Айыл өкмөтү боюнча

1000,0

-

-

6.

Түтүн  пулу (уборка терр)

Айыл өкмөтү боюнча

10 сом  жан башына

-

-

 

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы                                        Х.Ш.Артыкова

 

“Нариман айыл аймагынын Нурдар айылынан 3 га жер тилкесин мүрзө үчүн ажыратуу жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
14.12.2023-жыл
№21/3
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Нурдар айылынан 3 га жер тилкесин мүрзө үчүн ажыратуу жөнүндө”

Нариман айыл өкмөтүнүн 26.12.2023-жылдагы № 1031 катындагы, Нурдар айылынын тургундарынын мөрзү (көрүстөн) ачуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап, кеңири ой пикир, сунуштардан кийин Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын Нурдар айылынын тургундарынын жазган арызы канааттандырылсын жана Нурдар айылынын № 61 контурунан 3,0 га жер аянты, мүрзө (көрүстөн) ачуу  үчүн  ажыратылып берилсин, жерди трансформациялоо жана багытын өзгөртүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнен башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш,иштери  боюнча   туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


 “Административдик аймактык реформа жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
14.12.2023-жыл
№21/4
Нурдар айылы
“Административдик аймактык реформа жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 сандуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагыныда жайгашкан Жим, Жийделик, Жаңы-маала айылдарынын  Ош шаарынын территориялык  аймагына өтүүсү боюнча Жийделик айылынын 157,0 га жер аянты турак үйлөр жана жолдор, Жим айылынан 62,28 га турак жай жана жолдор, Жаңы-маала айылынан 20,23 га турак үйлөр жана жолдор,  47,16 га сугат айдоо аянттарын, Ош шаарынын аймагына  бириктирүү маселеси, колдоого алынсын.
  2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова