“Айылдык кеңештин иш планын бекитүү”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/1
Нурдар айылы
“Айылдык кеңештин иш планын бекитүү”

Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы иштелип чыгып, талкууга коюлуп, жактырылып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.    Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын  жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

                               НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
                                           2024-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫ

К/№

Аткарылуучу иштер

Аткаруу

 мөөнөтү

Ким аткарат

                                Айылдык кеңештин сессияларында каралуучу маселелер

                                                                Жыйырма экинчи  сессия

1

Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жана Нариман айыл өкмөтүнүн  бюджетин бекитүү

              Январь

Туруктуу комиссия

                                                               Жыйырма үчүнчү  сессия

1

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023- жылдын  29-декабрындагы № 370 АТР боюнча Жарлыгын ишке ашыруу

           Февраль

Нариман айылдык кеңеши,

Нариман айыл өкмөтү

                                                              Жыйырма төртүнчү  сессия

1

КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесин ишке ашыруу. “Жашыл мурас” улуттук компаниясы.

            Апрель

Туруктуу комиссия

                                                              Жыйырма бешинчи   сессия

1

Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашы жеткен балдарды мектепке тартуунун абалы, жарым жана тоголок жетимдерге берилген жардамдардын абалы

           Май

Туруктуу комиссия

Соц адистер

                                                              Жыйырма алтынчы сессия

1

А) Нариман айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаны окуу жылына карата даярдыктарынын абалы

Б) Мектепке чейинки мекемелерден   ОШ 1  отчет.

В) Кургак учук, СПИД, Ковид-19, Эне жана баланын өлүмүн алдын алуу, Кызамык ж.б. жугуштуу оорулардын алдын алуу  боюнча алып барылып жаткан иштер боюнча УБДТлардын маалыматын угуу.

           Август

Туруктуу комиссия

                                                             Жыйырма жетинчи сессия

1

Нариман айыл өкмөтүнүн  аймагындагы  калктын мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгынын абалы

          Октябрь

Туруктуу комиссия

2

9 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы боюнча нолог башчысынын, жер адистеринин жана ФЭБ башчысынын отчетун угуу, элден  канча арыз түштү жана кандай жардамдар көрсөтүлдү

           Октябрь  

Туруктуу комиссия

                                                           Жыйырма сегизинчи  сессия

1

Нариман айыл өкмөтүнө ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү

          Ноябрь

Туруктуу комиссия

2

Таза-суу, Айыл Тазалык ишканасынын жана Жайыт коммитетинин отчетун угуу

          Ноябрь

Туруктуу комиссия

                                                           Жыйырма тогузунчу сессия

1

Нариман айыл өкмөтүнүн 2023 –жылда аткарган иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу

           Декабрь

Туруктуу комиссия

2

АВП отчетун угуу

           Декабрь

Туруктуу комиссия

                                                      Уюштуруу , практикалык иш чаралар

1

Депутаттардын туруктуу комиссияларынын окуусун уюштуруу

Жылына эки жолу

Айылдык кеңеш

2

Айыл,көчө комитеттеринин, ак сакалдар, аялдар кеңешине, жаштар уюмунун иштерине усулдук жардам берүү

Ар дайым

Депутаттар

3

Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушууларды уюштуруу

Жылына эки жолу

Айылдык кеңеш

4

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде санитардык гигиеналык абалдарынын  сакталышын, ремонт болуусун, билим берүүсүн көзөмөлдөө

Ар дайым

депутаттар

5

Календардык майрамдарды өткөрүүгө көмөктөшүү

Ар дайым

Депутаттар

6

Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин пайдаланылуусу, ижара акыларынын төлөнүшүн көзөмөлгө алуу, ижара акыларын жыйноого көмөктөшүү

Ар дайым

Депутаттар

7

Айыл өкмөтүнүн атуулдарынын арыз даттанууларын өз убагында кароо, алардын аткарылышын камсыз кылуу

Ар дайым

Депутаттар

8

Айыл өкмөтүнүн аймагында улуттук программалардын аткарылышына көмөктөшүү

Ар дайым

Депутаттар

9

Жыл ичинде депутаттар арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнү уюштуруу

Жыл ичинде

Депутаттар

10

Келип түшкөн арыздар боюнча жайында барып эл менен жолугушууларды уюштуруу

Ар дайым

Депутаттар

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы        

“2024-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/2
Нурдар айылы
“2024-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө”

Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовдун билдирүүсүнүн негизинде 2024-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин карап, талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун жана Нариман айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Нариман айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 109344,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 109344,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп 31740,0 миң сом, жайыт  комитети  400,0 миң сом өлчөмүндө  белгиленсин. 2025- жылга  бюджет  долбоору 109571,8 миң сом, 2026-жылга 117387,8 миң сом бекитилсин.

2.  Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын 43 штаты бекитилсин, анын ичинде 13 бирдик айыл башчы жана 4 бирдик тейлөөчү, 6 бирдик ВУС кызматкерлери бекитилсин. 

3. Нариман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин планда бекитилген жалпы суммасынын 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.

4. Нариман айыл аймагындагы тарбияланып жаткан бала-бакчалардагы балдардын 1 күндүк тамак ашы  48 сомго бекитилсин.

5. 2024-жылдын ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

6.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

 “Нариман айыл аймагындагы №257 контурунда жайгашкан №103 Кызыл-мээнет орто мектебинин 1,23 га  жер  аянтынан  0,30  га  жер  аянтына  120 орундуу муниципалдык бала-бакча курууга жер ажыратып берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/3

Нариман айыл өкмөтүнүн берген 19.02.2024-жылдагы №90 сураныч каты талкууланып, кеңири ой пикир, сунуштардар кийин Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылынын №257 контурунда жайгашкан №103 Кызыл-мээнет орто мектебинин жер аянты 1,23 га жер аянтынан 0,30 га жер аянтына муниципалдык бала-бакча куруу үчүн ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман айыл аймагынын Лангар айылынын жашоочуларын   таза-суу менен камсыз  кылуу 
                                                                     максатында   Дүйнөлүк   банктын   долбооруна 
                                                                     кирген   аталган   айылдын  №256   контурунда       
                                                                     жайгашкан 0,20 га жер  тилкесин мамлекеттик                 
                                                                     менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/4
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Лангар айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын №256 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Нариман айыл аймагынын Лангар айылынын №256 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман айыл аймагындагы  Кызыл-мээнет айылынын жашоочуларын таза -суу  менен камсыз  кылуу  максатында скважина куруу үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке  алууга макулдук берүү жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектегиXXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/5
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын жашоочуларын таза -суу менен камсыз кылуу максатында скважина куруу үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32- беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.    Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылынын №247 контурунда жайгашкан таза-суу скважина үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“ Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/6
Нурдар айылы
“ Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”

Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын жетекчисинин берген маалыматын угуп, кеңири ой пикир жана талкуулардын негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын 2024-жылга карата бюджетинин кирешеси 5 860 000 (беш миллион сегиз жүз алтымыш миң) сомго бекитилсин.

2.   Нариман айыл аймагындагы ар бир кожолук таштандыларды чыгаруу үчүн бир айлык төлөмү 200 (эки жүз) сом өлчөмүнө бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын МИ Айыл Тазалык иш-канасынын жетекчиси К.Хосиловго жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман айыл аймагынын Беш-мойнок айылынын жашоочуларын     таза-суу   менен  камсыз    кылуу  максатында      Дүйнөлүк     банктын     долбооруна кирген     аталган     айылдын    № 336    контурунда жайгашкан   0,20   га   жер    тилкесин  мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/7
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Беш-мойнок айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын № 336 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Нариман айыл аймагынын Беш-мойнок айылынын №336 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

 “Нариман айыл аймагынын Осмон  айылынын жашоочуларын   таза-суу менен камсыз  кылуу  максатында   Дүйнөлүк   банктын   долбооруна  кирген   аталган   айылдын  №173   контурунда  жайгашкан 0,20 га жер  тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/8
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Осмон айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын №173 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Нариман айыл аймагынын Осмон  айылынын №173 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,20 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман   айыл   аймагынын   Кызыл- мээнет айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу  максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын    № 247 контурунда   жайгашкан  0,48   га   жер    тилкесин мамлекеттик   менчикке  алууга  макулдук  берүү жөнүндө ”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/9
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Кызыл- мээнет айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын № 247 контурунда жайгашкан 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Нариман айыл аймагынын Кызыл-мээнет айылынын №247 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман айыл аймагынын Алим -Төбө айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз  кылуу  максатында     Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган     айылдын    №  90 контурунда   жайгашкан  0,15   га   жер    тилкесин мамлекеттик менчикке  алууга  макулдук  берүү жөнүндө ”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/10
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Алим -Төбө айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбооруна кирген аталган айылдын № 90 контурунда жайгашкан 0,15 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Нариман айыл аймагынын Алим-Төбө айылынын №90 контурунда жайгашкан Таза-Суу скважина үчүн 0,15 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман   айыл   аймагынын  Жаңы- маала айылындагы Турсунзаде негизги  мектебинин
                                                                      жерин чоңойтуу жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/11
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын Жаңы- маала айылындагы Турсунзаде негизги мектебинин жерин чоңойтуу жөнүндө”

Нариман айыл өкмөтүнүн берген 19.02.2024-жылдагы №90 сураныч каты жана “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын берген каты, Жаңы- маала айылынын айыл башчысынын жазган арызы талкууланып, кеңири ой пикир, сунуштардар кийин Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Нариман айыл аймагынын Жаңы-маала  айылынын №349 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,29 га болгон, огород эсебинде белгиленген жер аянтынан 0,5 га жер аянты жаңы мектеп куруу үчүн ажыратылып берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

“Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылында Ак-Буура чек ара заставасы ээлеп турган 2,0 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.01.2024-жыл
№22/12
Нурдар айылы
“Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылында Ак-Буура чек ара заставасы ээлеп турган 2,0 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Нариман айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-августундагы №17/5 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32- беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылындагы Ак-Буура чек ара заставасы ээлеп турган 2,0 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.