Нариман айыл аймагындагы Арып эл көчөсүнө ат коюуу жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/1
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагындагы Арып эл көчөсүнө ат коюуу жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Арып элинин тургундарынын 17.12.2022-жылдагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде алардын ой пикирин, билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын Арып айылынын көчөсүнө Осмонов Айтинин аты коюлсун.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына  жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасын жана Нариман айыл өкмөтүндө КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча мамлекеттик агенттигинин  КРнын  жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын  бекитип берүү жөнүндөгү 12-декабрь 2022-жылдагы  №279 буйругунун негизинде  Нариман айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын типтүү Уставын бекитип берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/2

Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасын жана Нариман айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитип берүү жөнүндөгү 12-декабрь 2022-жылдагы №279 буйругунун негизинде Нариман айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитип берүү жөнүндө угуп талкуулап, жетинчи чакырылыштын депутаттарынын XIV сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасы жана Нариман айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча  мамлекеттик агенттигинин  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын  Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү 12-декабрь 2022-жылдагы №279 буйругунун негизинде  Нариман айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамаатарынын Типтүү Уставы бекитилип берилсин.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Нариман айылдык кеңешинин укук жана коомдук тартипти сактоо, аксакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылда аткарган иштерин кабыл алуу

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/3
Нурдар айылы
Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылда аткарган иштерин кабыл алуу

Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылда аткарылган иштери боюнча отчетун угуп, карап, талкуулап айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарын, толуктоолорун жана Нариман айылдык кеңештин кезектеги XIV сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын  2022- жылда  аткарылган иштери жана жергиликтүү бюджеттин сарпталышы  боюнча  Нариман айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясында   берген отчетунун негизинде кабыл алынсын.
  2. Ушул токтомдун  көзөмөлдөө жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.   

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Жийделик айылындагы 0,20 га социалдык багыттагы муниципалдык жерди арендага берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/4
Нурдар айылы
Жийделик айылындагы 0,20 га социалдык багыттагы муниципалдык жерди арендага берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Жийделик айылынын жашоочуларынын 2022-жылдын 3-декабрындагы чогулуштун протоколунун негизинде талкууга коюлуп, жалпы депутаттар тарабынан жактырылып, Жийделик айылындагы 0,20 га социалдык багытында болгон муниципалдык жерди арендага берүү боюнча Нариман айылдык кеңеши.

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айылдык кеңешинин протоколунун негизинде Нариман айыл аймагынын Жийделик айылында социалдык багытында болгон муниципалдык 0,20 га жер бар. Жердин 0,05 га жерде АРИС тарбынан курлган спорт комплекс жайгашкан, калган 0,15 га жерге азыркы күндө мини фудбол аянтчасы курулуп жатат. Жогоруда көрсөтүлгөн 0,20 аянттагы  социалдык багытында болгон муниципалдык жер  боюнча калтырылсын.
  2. Жийделик айылындагы социалдык багытында болгон муниципалдык 0,20га жерди арендага берүү жагы айыл тургундарынын чогулуш протоколунун негизинде мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына калтырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер,коммуналдык менчик,соода байланыш,тарнспорт жол курулуш,энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Айылдык кеңештин иш планын бекитүү

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/5
Нурдар айылы
Айылдык кеңештин иш планын бекитүү

Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы иштелип чыгып, талкууга коюлуп, жактырылып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын  жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

2023-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/6
Нурдар айылы
2023-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовдун билдирүүсүнүн негизинде 2023-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин карап, талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун жана Нариман айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 92 957,5 миң сом жана чыгаша бөлүгү 92 957,5 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп 24 120,0 сом, жайыт комитети  400,0 миң сом өлчөмүндө  белгиленсин. 2024- жылга  бюджет  долбоору 93 198,8 миң сом, 2025-жылга 97 146,8 миң сом бекитилсин.
  2. Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын 44 штаты бекитилсин, анын ичинде 13 бирдик айыл башчы жана 4 бирдик тейлөөчү, 7 бирдик ВУЗ кызматкерлери бекитилсин.
  3. Нариман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин планда бекитилген жалпы суммасынын 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.
  4. 2023-жылдын ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына укук берилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Нариман айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги айыл чарбасына жараксыз болгон жерлерды сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндү

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/7
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги айыл чарбасына жараксыз болгон жерлерды сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндү

Нариман айыл өкмөтүнүндөгү муниципалдык менчиктеги айыл чарбасына жараксыз болгон жерлерды сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия курамына айылдык кеңешинин депутаттарынан кошуп комиссия курамын беккитип берүү жөнүндө Нариман айылдык кеңеши.

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Комиссиясынын төрагасы:  Д.Халилов- Нариман айыл өкмөтүнүн катчысы 
  2. Комиссиянын мүчөлөрү:  Ш. Маманазаров- Нариман айыл өкмөтүнүн  адиси

                         И.Рахманжанов    Нариман айыл өкмөтүнүн  адиси

                         У.Уринбаев    Нариман айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси

                         Р.Нишанов- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

                         М.Самсаков Нариман айылдык кеңешинин депутаты

                         П.Саидов      Нариман айылдык кеңешинин депутаты

                         К.Караев- Нариман айыл өкмөтүнүн статист-экономисти

                         Н.Джусуев- Жайыт комитетинин төрасы.

      2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.

     3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика , капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуштар категориясына которуу жана Осмон айылында бала бакча салуу үчүн муниципалдык менчиктеги жерден социалдык багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/8

Нариман айыл аймагынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу максатында Нариман айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан №87 контурунан 3,80 га кайрак №49 контурунан 3,37 га кайрак, №90 контурунан 1,33 га кайрак, №86 контурунан 4,55 га жайыт жер аянты бардыгы болуп 8,80 га кайрак жер жана 4,55 га жайыт жер аянты. Каратай айылынын №150 контурунан 3,0 га кайрак жер аянты ошондой эле Осмон айылынын №29 контурунан 2,0 га жер аянты бала бакча салуу үчүн муниципалдык менчикте турган жер аянтынан социалдык жерлер категориясына которуу жана Нариман айылдык кеңештин протоколунун негизинде айыл чарба багытынан калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан №87 контурунан 3,80 га кайрак №49 контурунан 3,37 га кайрак, №90 контурунан 1,33 га кайрак,  №86 контурунан 4,55 га жайыт жер аянты бардыгы болуп 8,80 га кайрак жер жана 4,55 га жайыт жер аянты. Каратай айылынын №150 контурунан 3,0 га кайрак жер аянты “Айыл чарба” багытынан “калктуу конуштар”  багытына которулуусу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.
  2. Осмон айылындагы №29 контурунан 2,0 га жер аянты “айыл чарба” багытынын  муниципалдык менчиктеги  социалдык багыттагы жер категориясына бала бакча куруу үчүн которулуусу жана  Трансформациялоо жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Манас Эл аралык Аэропортунун Оштогу филиалы колдонуп жаткан унаа токтоочу жайдын ижара акысын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/9
Нурдар айылы
Манас Эл аралык Аэропортунун Оштогу филиалы колдонуп жаткан унаа токтоочу жайдын ижара акысын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба эмес коммерциялык максатта пайдаланып жаткан муниципалдык менчикте турган жер аянттарынын ижара акыларын көтөрүү, анын ичинен Манас Эл аралык Аэропортунун Оштогу филиалы колдонуп жаткан унаа токтотуучу жайдын ижара акысын көтөрүү максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба эмес коммерциялык максатында пайдаланып жаткан муниципалдык менчикте турган Манас Эл аралык Аэропортунун Оштогу филиалы колдонуп жаткан унаа токтотуучу жайдын ижара акысы 70 сомго көтөрүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн баш эсепчилерине жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова

Лангар айылына бала-бакча куруу жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.01.2023-жыл
№14/10
Нурдар айылы
Лангар айылына бала-бакча куруу жөнүндө

Өнүктөрүү фондунан Лангар айылыны курулуучу бала- бакчага долбоор боюнча акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу, Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 айлыгында каралсын деп Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Лангар айылына  куруулуучу бала- бакчанын документтери бүтпөй калгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 6 айлыкта бюджетке түшкөн ашыкча каражаттан Лангар айылынын бала- бакчасына бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова