ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген тартипке ылайык жана ВЛКСМ айылынын тургундарынын суроо талаптары боюнча протоколунун негизинде, Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айылдын учурдагы аталышы ВЛКСМ болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык “Тынчтык” деп өзгөртүү сунушу колдоого алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана коомдук тартипти сактоо, ак сакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагынын эл оозунда аталып жүргөн Арыпжан жана Зарбдар калктуу конушунун тургундарынын арыздары, суроо талаптары боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Манас айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-июнундагы №25/1 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы ““Нариман айыл аймагынын мурдагы Зарбдар айылы, Нурзаман айылы деп аталсын”- деген сөздөр, “Нариман айыл аймагынын мурдагы Зарбдар айылына Нурзаман айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп өзгөртүлсүн”- деген сөздөр, “Нурзаман айылы деп аталсын, айыл макамын берүү жагы жогорку органдарга сунушталсын”- деп өзгөртүлсүн.
- 2-пунктундагы ““Арыпжан айылы Арып айылы деп аталсын” –деген сөздөр, “Нариман айыл аймагынын мурдагы Арыпжан айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп өзгөртүлсүн”- деген сөздөр, “Арып айылы деп аталсын, айыл макамын берүү жагы жогорку органдарга сунушталсын”-деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.